Жаңылыктар
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты ант берди
Саясат
Жогорку Кеңештин жаңы депутаты ант берди

Жогорку Кеӊешке жаӊы депутат болуп келген Закир Шарапов парламентте салтанаттуу ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

 Ал парламентке «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча, узак оорудан улам көз жумган Улан Чолпонбаевдин орду бош калгандыктан эл өкүлү болуп келди. 

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Закир Шараповду салтанаттуу ант бериши менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.