Жаңылыктар
Менталдык арифметикадан дүйнө чемпиону аталган Нурханды өкмөт башчы куттуктады
Билим
Менталдык арифметикадан дүйнө чемпиону аталган Нурханды өкмөт башчы куттуктады

Премьер-министр Сапар Исаков менталдык арифметикадан “Super Champion” наамын алган Нурхан Таштанов менен жолукту. Өкмөт башчысы аны жеңиши менен куттуктап, белектерин тапшырды. 

Ошондой эле, Сапар Исаков келечектеги муунду, жаш таланттарды тарбиялоодо мугалимдердин эмгегин белгилеп, ыраазычылыгын билдирди. 

Эске салсак, Нурхан Таштанов 1- октябрда Таиланддын Бангкок шаарында өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада биринчи орунду алып, «Super Champion» наамына татыган.