Жаңылыктар
Нарын облусун өнүктүрүү боюнча жумушчу жыйын өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облусун өнүктүрүү боюнча жумушчу жыйын өттү

Премьер-министр Сапар Исаков Нарын облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландары боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын келечектүү багыттарынын бири өлкө аймактарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү экендигин белгиледи. 

Буга байланыштуу Сапар Исаков бардык облустардын көйгөйүн ыкчам чечүү, инвестициялык долбоорлордун планын иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну талкуулоо боюнча мындай жолугушуулар жалпы министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда такай өткөрүлүп турарын дагы бир ирет эскертти. 

Экономика министрлигине, Финансы министрлигине, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигине жана Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондуна аймактын айыл чарба ишканаларынын ишин активдештирүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине компаниялардын тоо иштери боюнча планын аткаруусуна көзөмөлдү күчөтүүсү тапшырылды. Мындан тышкары Премьер-министр тийиштүү органдарга жергиликтүү бийлик менен биргеликте Нарын облусунун тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча тыкыр иш-чаралар планын иштеп чыгууну жана келерки жылы билим берүү мекемелерин компьютердик техника менен жабдууга каражат табууну тапшырды.

Ошондой эле Сапар Исаковдун айтымында, өлкө аймактарында медициналык тейлөөнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана ооруканаларды модернизациялоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. Премьер-министр белгилегендей, жыл сайын Өкмөт тарабынан эки облустук оорукана, Бишкек шаарындагы Улуттук онкология борборунун мисалында капиталдык реконструкциялоодон өткөрүлүп турат.