Жаңылыктар
Депутат Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер болду
Саясат
Депутат Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер болду

Жогорку Кеӊеш биринчи вице-премьер-министрликке Аскарбек Шадиевдин тапакерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Өкмөт башчысы Сапар Исаков бул кызматка Шадиев дайындалып калса, отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди тескей турганын, ал бул маселелерди жакшы билерин жана тажырыйбалуу кадрлардын бири экенин белгилеген.

Анын айтымында, Конституцияга киргизилген жаӊы өзгөртүүлөргө ылайык, эгер депутат биринчи вице-премьер-министрликке дайындалып калса, өзүнүн депутаттык мандатын сактап калат. "Шадиевдин тагылган милдетти аркалап кете аларына кепилдик бере алам. Мында парламент менен өкмөттүн өз ара байланышы да кыйла чыңдалат", - деди Сапар Исаков. 

Буга чейин Аскарбек Шадиев  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеп келген.