Жаңылыктар
Кыргызстандык дзюдочулар алтын медаль тагынды
Спорт
Кыргызстандык дзюдочулар алтын медаль тагынды

Кыргызстандык Иса Жумабеков менен Илимбек Курманбеков Кытайда өткөн дзюдо боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү болушту. Ачык чемпионат Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн. 

Алтынчы ирет өткөрүлүп жаткан мелдеште Кытайдын ар кайсы провинциясынан жана Кыргызстан, Казакстан, Россия мамлекеттеринен, ошондой эле, бир канча Африка өлкөлөрүнүн студенттери катышкан. 

Иса Жумабеков 81 кг чейинки салмактык категория боюнча төрт жолу таймашка чыгып, алдын медаль утту. Ал эми Илимбек Курманбеков 66 кг чейинки салмактык категория боюнча алтын медаль тагынды.