Жаңылыктар
Юнескодо "Көк бөрү" маселеси каралууда
Спорт
Юнескодо "Көк бөрү" маселеси каралууда

Түштүк Кореянын Жежу аралында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин он экинчи сессиясы өтүүдө. Ушул күндөрү анда кыргыздын улуттук "Көк бөрү" оюнун материалдык эмес маданий мурастарга кошуу маселеси каралат. 

Жыйынга жалпысынан 200дөй мамлекет катышууда. Бул жолу комитет отурумуна катышып жаткан мамлекеттер тарабынан 40 сунуш берилген. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Буга чейин "Көк бөрү" оюну 2014-жылы да киргизилген. 2015-жылы каралып, айрым кемчиликтер бар деген жүйө менен кайра иштеп чыгууга кайтарылган. 

Бир жылдын ичинде Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагалыгы менен тиешелүү министрликтин өкүлдөрү, "Көк бөрү" боюнча улуттук федерация жана Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы чоң жумуш тобу көп иштерди жасаган. 

Даяр болгон документ ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча комитетине 2016-жылы сунушталган.