Жаңылыктар
Коллекциялык монеталар жарык көрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Коллекциялык монеталар жарык көрдү

Улуттук банк 7-декабрдан тартып жаңы коллекциялык монеталарды сатыкка чыгарат. Тыйындар «Кыргыз каганатынын доору» сериясындагы «Кыргыз каганатынын шайма-шай куралданган жоокери» деп аталып, 10 сом номиналы күмүштөн, ал эми 1 сомдугу жез-никелден жасалат. 

Ошондой эле күмүштөн жасалган «Кыргызстандын Кызыл китеби» сериясындагы «Каркыра» коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарат. Тыйындын номиналы 10 сом. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. 

Коллекциялык монеталарды Улуттук банктын кассасынан нак акчага жана нак эмес эсептешүү жолу менен сатып алууга болот.