Эми кыргызстандыктар Сербияга визасыз эле каттай алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин Сербияга болгон сапарынын алкагында макулдашылды.
Маалыматка ылайык, Сербия менен Кыргызстандын ортосунда жалпы жарандык паспорттун ээлери үчүн 90 күнгө чейинки мөөнөткө визалык талаптарды жокко чыгарган макулдашууга кол коюлду.
Мындан сырткары Cербия тарапка айыл чарбасы, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды жана товарларды жеткирүү жаатында биргелешкен кыргыз-серб ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды.