Жаңылыктар
Исаков өкмөттү жетектегенине 100 күн болду
Саясат
Исаков өкмөттү жетектегенине 100 күн болду

Сапар Исаков өкмөттү жетектегенине 100 күн болду. Бул аралыкта жаш өкмөт башчы тарабынан маанилүү чечимдер кабыл алынды. Алардын бири экспортко багытталган ишканаларды каржылоо демилгеси. Долбоорго ылайык, 3 жарым миллиард сомдон ашык каражат өлкө сыртына продукция чыгарган ата мекендик өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя катары бөлүнөт.

Кыргызстандын экспорт кылууга мүмкүнчүлүгү кенен. Жалпы жонунан алганда өндүрүүчүлөр айыл чарба азыктарын, жеңил өнөр жайы жана кайра иштетүүдө өндүрүлгөн продукция түрүн сыртка жүгүртөт. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери экспорт көлөмү 28,3 пайызга өскөн. Октябрь айынын башында премьер-министр Сапар Исаков экспортко багытталган ишканаларды колдоо максатында токтомго кол койгон.
Насыя алууда зарыл документтерди тез арада жыйноо максатында бирдиктүү тейлөөчү борбордун ачылышы күтүлүүдө. Долбоордун максаты - өзүнүн продукцияларын чет мамлекеттерге чыгарып, импортту алмаштырган товарларды же сырьену чыгарган ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү.