Жаңылыктар
Бишкекте ишкерлердин инвестициялык форуму өттү
Экономика
Бишкекте ишкерлердин инвестициялык форуму өттү

Бишкекте 800дөй ишкердин башын бириктирген инвестициялык форум өттү. Каражат издеген бизнес өкүлдөрү коңшу өлкөлөрдүн ири компанияларынын жетекчилерине долбоорлорун тааныштырууга мүмкүнчүлүк алышты.

Жаңы бизнеси үчүн долбоор даярдап, ага каражат издегендердин катарында ишкер Улан Саркөбөнов да бар. Дыйкан чарбачылыгы үчүн керектүү жипти чыгаруучу ишкананы куруу идеясы Германиядагы сапарынан кийин пайда болгон. Форумга долбооруна инвестор табуу ниети менен келди.

Ишкерлердин кызматташтыгына көпүрө боло бере турган келишимдер дароо эле түзүлөт деп айтууга болбойт. Форумдун алкагында бири-биринин сунуштарын угуп, ойлонууга, долбоорлорду талдап көрүүгө убакыт керек болот.