Жаңылыктар
Баткен шаарында көмүрдүн бир тоннасына болгон баа 9 миң 500 сомго жетти
Экономика
Баткен шаарында көмүрдүн бир тоннасына болгон баа 9 миң 500 сомго жетти

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көрсөткөн баада сатуудан баш тарткандар көмүр сатууну токтотту. 

Буга чейин монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги Сүлүктү шаарынын аймагындагы 22 шахтаны көзөмөлгө алып, жеринде көмүрдүн баасын аныктаган. Анда сапаттуу көмүрдүн эң жогорку баасы тоннасына 5 500 сомго бааланган.

Бирок ал Баткен шаарына жеткенче бардык чыгымдарды эске алуу менен 9 миң 500 сомду чапчып жатат.

Буга чейин Кыргызстан атынан ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине Сулайман Тоо, "Манас, Семетей, Сейтек" үч илтиги, Бозүй, шырдак, каттама жана "айтыштык өнөр" катталган. Эми улуттук ат оюнубуз Көк-Бөрү киргени турат. Бул Кыргызстан үчүн зор жетишкиндик болот. Көк-Бөрү эл аралык уюмдун каттоосуна алынса ата-бабадан келе жаткан улуттук маданият дүйнө коомчулугу тарабынан корголуп турат. Себеби кыргыз каада-салты, үрп адаты менен гана кыргыз. Бул оюнду эми келечек муунга татыктуу калтыруу үчүн жайылтуу керек.