Жаңылыктар
Бишкек менен Токмоктун айрым жерлеринде газ өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек менен Токмоктун айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

7-8-декабрь күндөрү Бишкек менен Токмок шаарларынын айрым аймактарында газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди. 

Ага ылайык, 7-декабрда саат 10:00дөн 16:30га чейин Токмок шаарындагы Автомобилдик газ топтомо компрессордук станциясында, ал эми 8-декабрда Бишкек шаарынын "Сары-Челек" комплексинде газ өчөт. 

Мындай аракеттер кышкы сууктун учурундагы оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу экенин ишканадан билдиришти.