Жаңылыктар
Радикализм жакшылыкка алып келбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Радикализм жакшылыкка алып келбейт

“Жаштар экстремизм жана терроризмге каршы”. Мына ушундай аталыштагы иш-чара Жалал-Абад шаарында болуп өттү. 

Анда жогорку окуу жайлардын студенттери шаардын борбордук көчөлөрүнө жөө жүрүш жасашып, колдоруна экстремизм туура эмес жол экендигин баяндаган лозунгдарды көтөрүп чыгышты. 

Акция жүрүшүндө дин өкүлдөрү менен укук коргоо органдары экстремизм жана терроризмге азгырылуудан оолак болууга чакырып, алардын коомго жана өлкө келечегине тийгизген терс таасири чоң экендигин айтышты. 

Укук коргоо органдары билдиргендей, Жалал-Абад облусунан да экстремисттик агымдарга азгырылып, Сирия мамлекетине барган жарандар катталган.