Жаңылыктар
Путин келерки шайлоодо президенттикке аттанат
Дүйнө
Путин келерки шайлоодо президенттикке аттанат

Россиянын Президенти Владимир Путин 2018-жылы боло турчу президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги маалымдады. 

Путин ГАЗ заводунун кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда "Россия алдыга гана умтуларын, мындан ары ага эч ким, эч нерсе жолтоо боло албастыгын" баса белгиледи. Акыркы убактарда Путинден "шайлоого катышасызбы?" деп сурагандар көп болгон, бирок ал азырынча андай чечим кабыл ала электигин билдирген. 

Владимир Путин биринчи жолу Президент болуп 2000-жылы шайланган. 2004-жылы экинчи мөөнөткө калган. 2008-2012-жылдары Премьер-министр катары иштеген. 2012-жылы кайтадан Россиянын Президенти болуп шайланган. 

Кийинки президенттик шайлоо 2018-жылдын март айында өтөт. Азырынча президенттик шайлоого катышуу ниетин ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский, теле алып баруучу Ксения Собчак жана журналист Екатерина Гордон билдирген.