Жаңылыктар
Германияда балдарды акысыз дарылоо улантылат
Ден соолук
Германияда балдарды акысыз дарылоо улантылат

Талас облусундагы үй-бүлөлүк медицина борборунда 14-15-мартта аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн оор дарт менен жабыркаган балдары медициналык кароодон өткөрүлөт. 

Анда 1 жаштан 11 жашка чейин тубаса оорулуу балдар жана ар кандай кырсыктардан улам майып болуп калгандар тандалып, Германиянын клиникаларына акысыз дарыланууга жөнөтүлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Медициналык текшерүүнү германиялык FRIEDENSDORF INTERNATIONAL кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү, Эне жана баланы коргоо улуттук борбору менен Травмотология жана ортопедия илимий изилдөө борборундагы тажрыйбалуу дарыгерлер жүргүзөт. 

Эске салсак, 2013-жылдан бери Германияга барып, акысыз дарыланган кыргызстандык 24 баланын 16сы ийгиликтүү кайтып келген. Башкалары дарылоо курсун улантууда. Талас облусу боюнча дарыланууга арыз берген 360 баланын 174ү текшерүүгө чакырылды.