Жаңылыктар
Көк бөрү - ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине катталды
Спорт
Көк бөрү - ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине катталды

Кыргыздын байыркы улуттук ат оюну болгон көк бөрү - ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине катталды. Мындай чечим Түштүк Кореянын Жежу аралында, материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин он экинчи сессиясында кабыл алынды. Кыргыздын байыркы көчмөн, баатыр эл экенин даңазалаган көк бөрү оюну эми дүйнө коомчулугу тарабынан колдоого алынат. 

Бул жеңиштин артында мамлекеттин колдоосу чоң. Кыргызстан көк бөрүнү ЮНЕСКО уюмунун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине каттаткан жана демилгелеген биринчи өлкө болду. Мунун өзү кыргыздар көк бөрүнү ойноп, нечендеген кылымдар бою муундан-муунга аздектеп жеткирген байыркы эл экенин далилдейт. Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясы, "Көк бөрү" федерациясы, Тышкы иштер, Маданият жана маалымат министрлиги, Улуттук илимдер академиясы жана эксперттер документтин үстүндө дыкат иштеп, көп жылдык мээнеттин жыйынтыгынан кийин натыйжасы Кыргызстан тараптын пайдасына чечилди.