Жаңылыктар
Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы Мариповду кабыл алды
Саясат
Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы Мариповду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды. Эсептөө палатасынын төрагасы мамлекет башчыга республикалык бюджеттин каражаттарын колдонууну көзөмөлдөө боюнча аткарылып жаткан жумуштар, 2016-жылдын ишмердигинин жыйынтыгы жана Эсептөө палатасынын мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Эсептөө палатасынын аудитордук ишмердигинин жыйынтыктары боюнча көзөмөлдү жана мониторингди күчөтүү керектигин белгиледи. Мындан тышкары, мамлекеттик аудиттин эл аралык стандарттарга өтүүсүн тездетип, Эсептөө палатасы көзөмөлдөөчү орган гана болбостон алдын ала чара көрүп, бюджеттик мекемелерге жардам берген орган болушу керектигин айтты. Ошондой эле мамлекет башчысы ачыктык жана коррупцияга каршы иш-аракет - Эсептөө палатасынын артыкчылыктуу багыты болушу керектигин баса белгиледи.