Жаңылыктар
Жээнбеков Казакстандын президенти Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү
Саясат
Жээнбеков Казакстандын президенти Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылары Астана шаарында 2017-жылдын 2-декабрында эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары тарабынан кол коюлган “жол картасы” боюнча сүйлөшүүлөрдүн натыйжаларына канааттангандыгын билдиришти. 

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин абалы жана келечеги боюнча кеңири пикир алмашты. Телефондук сүйлөшүү кыргыз тараптын демилгеси менен болду.