Жаңылыктар
Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды
Саясат
Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды

Аскарбек Шадиев Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри болуп дайындалды. Муну ырастаган Жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин Өкмөт башчысы Сапар Исаков бул кызматка Шадиев дайындалып калса, отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди тескей турганын, ал бул маселелерди жакшы билерин жана тажырыйбалуу кадрлардын бири экенин белгилеген. 

Анын айтымында, Конституцияга киргизилген жаӊы өзгөртүүлөргө ылайык, эгер депутат биринчи вице-премьер-министрликке дайындалып калса, өзүнүн депутаттык мандатын сактап калат. "Шадиевдин тагылган милдетти аркалап кете аларына кепилдик бере алам. Мында парламент менен өкмөттүн өз ара байланышы да кыйла чыңдалат", - деди Сапар Исаков. Белгилей кетсек, Шадиевге айлык акы өкмөттөн гана төлөнөт.