Жаңылыктар
Базар-Коргон айылындагы 150дөн ашык кожолук таза суу менен камсыз болду
Кыргызстан жаңылыктары
Базар-Коргон айылындагы 150дөн ашык кожолук таза суу менен камсыз болду

Буга чейин 1 тонна сууну 75 сомдон сатып ичишкен айыл эли, эми ал кымбатчылык менен кыйынчылык артта калды дешет. Себеби, таза суу долбоору соңуна чыгып, учурда ичүүчү суу жашоочулардын короолоруна чейин кирди. Аталган айылдын жашоочусу Азиз Дилбарев таза суу азабын жакшы эле тарттык дейт. Анткени буга чейин ичүүчү суунун тоннасын 75 сомдон сатып алып, атайын жасалган суу кудуктарга куйдуруп, сактап ичип турушкан. 

Таза суу 80 метр тереңдиктен сордурулуп, 12 чакырым аралыктан айылга тартылып келди. 
Ар бир үйгө кирген сууга мына ушундай суу эсептегичтер коюлган. Адистер бул жерден суу канча иштелип жатканын көрө алат. Аны менен катар эле карызын төлөбөгөн жашоочулардын суусун ушул жерден эле токтотуп коюууга болот. Эми жашоочулар 1 куб сууга 15 сомдон төлөшөт. Базар-Коргон айылына таза суу тартуу иштерине жалпы 2 миллион сомдон ашуун каражат кеткен. 

Анын 1 жарым миллион сому эл аралык “Ага Хан” фонду тарабынан каржыланган. Каражаттын калганын жергиликтүү бюджет бөлүнгөн. Элди таза суу менен камсыздоо долбоору Базар-Коргон районунда 2010-жылдан бери жүрүп келүүдө. Буга Азия өнүктүрүү банкы көмөктөшүүдө. Учурда Базар-Корго айыл аймагы боюнча 6 миңден ашуун кожолук болсо, анын 2 миңден ашууну таза суу менен камсыздалып, суу эсептегичтери менен коюлган.