Жаңылыктар
Тарых музейи электрондоштурулууда
Маданият
Тарых музейи электрондоштурулууда

Жаңыртылып оңдолгондон кийин, музейге келгендер кыргыздардын жана Кыргызстандын байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки тарыхын, жогорку технологиянын жардамы менен биле алат. Бул үчүн музейге тарыхый маалыматтар камтылган 30 медиа станция коюлмакчы. Медиа станция деген эмне жана өткөн тарыхты визуалдык түрдө кантип көрсө болот?      Жогорку технология демекчи, музейге 30 медиастанция коюлат. 

Медиа станция дегенибиз - бул чоң планшеттер. Музейге келгендер сенсордук экран аркылуу тарыхый маалыматтарды кыргыз, орус, англис, немис жана араб тилдеринде ала алат. Азыр музейдин айланасында миңге жакын киши иштеп жатат: тарыхчылар, музейдин кызматкерлери, дизайнерлер. Ал эми медиа станцияларды германиялык компания түзүп жатат.

Азыр чоңдор жана балдар үчүн атайын гиддер даярдалып жатат. Тарых музейи туристтер үчүн эле эмес, кыргызстандыктар үчүн да илимий очок болуп калат. Эгемендүүлүк алгандан бери тарых музейи реконструкцияланган эмес. Тарыхчылардын айтымында, заманбапташтырылган музей кийинки муунга чоң мурас катары калат.