Жаңылыктар
КУУда жемкорлукка жол бербөө жолдорун талкуулаган жыйын өттү
Коррупция
КУУда жемкорлукка жол бербөө жолдорун талкуулаган жыйын өттү

Кыргыз Улуттук университетинде жемкорлукка жол бербөө жолдорун талкуулаган жыйын болуп өттү. Жогорку окуу жайлар аралык илимий конференцияга пикирин билдирүү максатында студенттер, мугалимдер жана коррупцияга каршы күрөшүү тармактарынын адистери катышты. Алар бул терс көрүнүш коомдо актуалдуу маселе экенин белгилеп, ага каршы күрөшүү жолдорун айтышты. 

Ошондой эле конференцияда өкмөт тарабынан жасалып жаткан программалар, жемкорлуктун алдын алуу механизмдери жана кандай мыйзамдар иштеп жаткандыгы кеңири талкууланды. Мындан сырткары окуу жайда коррупцияга каршы күрөш күнүнө карата жумалык уюшулуп, жалпы эмгек жамааты керектүү маалыматтар менен камсыздалган.