Жаңылыктар
Исаков Жалал-Абад облусун өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
Экономика
Исаков Жалал-Абад облусун өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү

Премьер-министр Сапар Исаков Жалал-Абад облусун өнүктүрүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Жалал-Абад облусунун учурдагы экономикалык көрсөткүчтөрү, өнөр жай, айыл чарбасы, инфраструктураны, туризмди өнүктүрүү жана жолдорду реабилитациялоо жаатындагы негизги көйгөйлөр жөнүндө айтып берди. Өкмөт башчы жооптуу мекемелерге «Авиньен» темир эритиндисин чыгаруучу заводунун ишин калыбына келтирүүнү, Майлуу-Суу электр лампа заводуна инвестицияларды тартуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. 

Ошондой эле Сапар Исаков миң адам эмгектенген «Макмал алтын» комбинатынын иштөө мөөнөтүн узартуу боюнча ыкчам тартипте сунуш киргизүүнү талап кылды. Мындан сырткары ири өнөр жай объектилерин, логистикалык борборду, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыккыла деди. Жыйында Бишкек - Жалал-Абад багыты боюнча авиакаттамдардын санын көбөйтүү, аймакты ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана курулушу токтоп турган билим берүү мекемелерин тезинен бүткөрүү маселелери дагы көтөрүлдү.