Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова эл аралык "Алтын мангуст" сыйлыгын алды
Спорт
Айсулуу Тыныбекова эл аралык "Алтын мангуст" сыйлыгын алды

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова эл аралык "Алтын мангуст" сыйлыгынын атайын орденин алды. Сыйлоо аземи 9-декабрда Украинанын Одесса шаарында өткөн.

Бул тууралуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди. Орден Айсулуу Тыныбекованын дене тарбияга жана спортко кошкон салымы үчүн ыйгарылды. 

Эске салсак, кыргызстандык балбан кыз 2017-жылы жети турнирге катышып, үч алтын, үч күмүш жана бир коло медаль уткан. 

"Алтын мангуст" сыйлыгы 2009-жылы негизделип, алгач украиналыктарга гана тапшырылган. 2012-жылы эл аралык макамга ээ болгон. Аталган сыйлык атактуу спортчуларга жана спортко салым кошкондорго берилет.