Жаңылыктар
Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү
Саясат
Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү. Анын курамына КСДП, "Өнүгүү-Прогресс", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан" фракциялары кирди. 

"Республика - Ата Журт" фракциясы болсо оппозицияда калды. Ал эми көпчүлүк коалициянын лидерлигине "Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Сагынов шайланды. 

Андан кийин депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен шаардык кеңештин төрагасы болуп, КСДП фракциясынын өкүлү Алмаз Кененбаев шайланды. Эске сала кетсек ноябрь айынын аягында КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыккан.