Жаңылыктар
Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Өкмөт башчы белгилегендей, Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчилигине иштин натыйжалуулугун жогорулатып, тармактагы тартипти жөнгө салуу боюнча абалды жакшырткыла деген бир катар так милдеттер коюлган.

Сапар Исаков Кубанычбек Кулматовдун мыкты кесипкөйлүгүн жана мол тажрыйбасын белгилеп, анын жетекчилиги астында 2010-2013-жылдары өлкөдөгү бажы төлөмдөрүнүн көлөмү 2,5 эседен ашуун жогорулагандыгын эске салды.