Жаңылыктар
Кош бойлуу аялдардын жана жаш балдардын арасында аз кандуулук көбөйдү
Ден соолук
Кош бойлуу аялдардын жана жаш балдардын арасында аз кандуулук көбөйдү

Борбор калаада эл аралык эксперттер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана адистер азык-түлүк коопсуздугу, аз кандуулук, туура тамактануу жана байытылган унду пайдалануу маселелерин тегерек үстөлдө талкуулашат. “Тамактанууну жакшыртуу жана азык-түлүк коопсуздугу" боюнча жарандык альянстын өкүлү Гүлмира Кожобергенованын айтымында, өлкөдө төрөт курагындагы аялдардын 35%, 5 жашка чейинки балдардын 43% аз кандуулуктан жабыркайт. 

Адистер буга туура эмес тамактануу, тамак-аш, ун азыктарындагы керектүү витаминдердин жоктугу себеп болгонун айтышат. Ошондой эле Кыргызстанда акыркы мезгилде энелердин төрөт учурунда жана төрөттөн кийин каза болгон учурлары көйгөйгө айланган. 

Мунун башкы себебин адистер аялдардын учурунда ден соолугуна кам көрбөгөнүн, натыйжада саламаттыгы начарлап аз кандуулукка дуушар болушарын айтып келишет.