Жаңылыктар
Үйдү туура жылуулоо - көмүргө үнөмдүү
Кыргызстан жаңылыктары
Үйдү туура жылуулоо - көмүргө үнөмдүү

Кыш башталып, суук түшкөнү кайрадан үйлөрдөгү жылуулук маселеси башкы орунга чыкты. Бул көйгөй көбүнесе күн жылуу кезде үйдүн ичи тышын жылуулап албагандарда чыгууда. Сөз жеке турак жайлар тууралуу болуп жатат. Үйгө канча от жакпа- ал жылыбайт, анан ага кошумча жылыткычтарды колдонуп, бул өз кезегинде электр жарыгына күч келтирип, капчыкка да таасирин тийгизип жатканы турган иш.

Андыктан кыш түшкөнгө чейин үйдү жылуулоо маселесин биринчи орунга коюш керек. Анүстүнө азыр базарларда турак жайды жылуулоочу материалдардын түркүн түрлөрү турат, арзаны, кымбаты, сапатын, өңү түсүн да да каалагандай тандап алсаң болот. 

Кылычын сүйрөп кыш кирип келди. Суук түшкөнүнө карабай, айрым турак жайлар толук жылууланган эмес. Мындай көрүнүштөн улам отун-суу үнөмдөлбөй, үй-бүлөлүк бюджетке күч келет.