Жаңылыктар
Кыргызстанда санариптик өкмөт 2019-жылдан тартып толук иштей баштайт
Саясат
Кыргызстанда санариптик өкмөт 2019-жылдан тартып толук иштей баштайт

“Таза Коом” программасынын санариптик өкмөттү түзүүгө, билим берүү системасын жакшыртууга жана калкка медициналык кызмат көрсөтүүнү жеткиликтүү кылууга тийгизе турган таасири талкууланды. Бишкекте өткөн эл аралык конференцияга Премьер-министр Сапар Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү, чет элдик адистер катышты. 

Бардык мамлекеттик органдардын иши онлайн режими менен тескелип, ар бир кызматкердин кылган жумуштары заманбап технология аркылуу көзөмөлдөнөт. Демек, натыйжа көрсөтпөстөн, жөн гана ишке келип кетип күн өткөргөн адистер тез эле аныкталып калат. “Таза Коом” долбоору мамлекеттик кызматкерлердин ишин тескеп гана тим болбостон, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын да арттырат. Маселен санариптик системанын артыкчылыктары саламаттык сактоо тармагындагы түйшүктөрдү жеңилдетет.

Билим берүү тармагы да “Таза Коом” программасынын өзөгүн түзөт. Өкмөт башчысы бул тармакка бюджеттик каражаттардын 24 пайызы каралганына карабай сапаттуу билим берүү камсыз кылынбаганын белгиледи. Келечекте инновациялык мектептер ачылат. Электрондук китепканалар түзүлүп, IT адистерин даярдаган атайын академия ачылат. “Таза Коом” оңой ишке аша турган долбоор эмес. Ага көп каражат керектелет. Алдыда инновацияга байланышкан бир катар чечимдерди кабыл алуу күтүлүүдө. Ай-Ти тармагынын адистерин даярдоо да зарыл. Бирок, коомчулуктун колдоосу болсо бардык кыйынчылыктар артта калат.