Жаңылыктар
Баткен аймагында күнөсканада лимон өстүрүү кирешелүү тармакка айланды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен аймагында күнөсканада лимон өстүрүү кирешелүү тармакка айланды

Бул бизнес Бүргөндү өрөөнүндө акырындык менен жакшы жолго коюлуп келе жатат. Мисалга жергиликтүү багбан 15 түп лимон дарагынан 100 миң сомдой киреше табууда. Учурда багбандар быйылкы биринчи түшүмүн терип, дүң баада сатып жатышат. Кадамжай районунун тургуну Камбаралы Жороев 7 жылдан бери күнөсканада лимон өстүрөт. Чакан күнөсканада учурда 15 түп лимон дарагы бар. 

Андан жылына 1 тоннага жакын түшүм алып, 100 миң сомдой киреше табат. Азыр түшүмдун биринчи терими башталып, Бишкектен буюртма алган. Багбан алгач лимон дарагын Өзбекстандан алып келип өстүргөн. Бүргөндү өрөөнүнүн Жаштилек айылында күн жылуу болгондуктан,3 жыл дегенде түшүм бере баштаган. Азыр эми бир жылда эки жолу түшүм алат. Эгерде белгиленген жылуулук болуп, температура сакталса, ар эки айда түшүм алууга болот. Бирок багбан күнөсканасына башкалар сыяктуу атайын жылуулук да киргизбептир. Чыгашасы аз болгондуктан 2 сотка жерге дагы бир күнөскана куруп лимон өстүрүүдө. 

Камбаралы Жороевдин чакан аянттан азыраак түйшүк менен эле киреше алып жатканын көргөн кошуналар да көчөттөрүн сурап алып күнөскана куруп жатышат. Эми аймакта түшүмдүн көлөмү көбөйсө, борборго эле эмес, чет жакка да экспортоого мүмкүнчүлүк жаралат. Баткенде күнөсканаларда өстүрүлгөн лимондун дүң баада бир килосу 90-100 сомдон сатылууда. Облустун аймагында жалпысынан 350дөй күнөскана бар.