Жаңылыктар
Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган маданий иш-чара өттү
Маданият
Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган маданий иш-чара өттү

Улуттук илимдер академиясында кыргыз элинин сыймыктуу уулу, дүйнөлүк залкар жазуучу, даанышман ойчул, гуманист Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө арналган маданий иш-чара өттү. 

Иш-чараны Улуттук илимдер академиясынын Айтматов атындагы Тил жана адабият институту уюштурду. Жыйынга окумуштуулар, илимий кызматкерлер, изденүүчүлөр жана жазуучунун чыгармачылыгына кызыккан окурмандар катышты. 

Академиянын фойесинде Айтматовдун бюсту жана жазуучунун чыгармаларындагы жаныбарлардын образынын негизинде жаратылган скульптуралык чыгармалардан жана китептеринен турган көргөзмө уюштурулду. 

Иш-чара башталганга чейин институттун кызматкерлери Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, жазуучуну эскеришип, бейитине гүл коюшту.