Жаңылыктар
Ошто май алмаштыруучу жерден өрт чыкты
Кырсык
Ошто май алмаштыруучу жерден өрт чыкты

Кечээ түнкү саат 21де Ош шаарынын Раззаков көчөсү №19 дарегиндеги май алмаштыруучу жайдан өрт чыккан. Күбөлөрдүн айтымында өрт алгач чакан май алмаштыруучу жайдан чыгып, жанындагы ири май алмаштыруучу жайга, андан кийин унаа тетиктерин сатуучу кампага жабышкан. 

Өрт өчүрүү кызматы тарабынан тилсиз жоо төрт сааттан кийин гана өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын чыгуу себептери менен келтирилген чыгым такталууда. Жеринде тийиштүү кызматтын адистери иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. 

Өрт жалпы 700 кв. метр аянтты камтыганын өзгөчө кырдаал кызматынын адистери билдирет. Жалпы Ош шаары боюнча соңку он айдын ичинде 190 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн чыгуу себептеринин басымдуу бөлүгү, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан жана электр жабдыктарын туура эмес пайдалануудан келип чыккан.