Жаңылыктар
Алыкул Осмонов-Кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы
Маданият
Алыкул Осмонов-Кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы

Мындан 67 жыл мурда залкар акын Алыкул Осмонов каза болгон. Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы 21-мартта туулган. 

1935-1950-жылдардын аралыгында ондон ашуун ыр китептин ээси болгон. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көргөн. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылып чыккан. 

Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырган. 

Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдап айтып берген котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жеткен. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан.