Жаңылыктар
Бишкекте бир күндө эки кишини поезд тебелеп кетти
Кырсык
Бишкекте бир күндө эки кишини поезд тебелеп кетти

Бишкекте бир күндө эки кишини поезд тебелеп кетти. "Кыргызтемиржолу" ишканасынын маалыматы боюнча, 12-декабрда эртең менен 7лер чамасында “Бишкек I” жана “Бишкек II” станцияларынын ортосунан 30-35 жаштагы азият улутундагы киши жүрүп келе жаткан тепловоздун алдына боюн таштап каза болду. Азыр окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары териштирип жатат. 

Ушул эле күнү “Токмок” бекетинин темир жолунда 19-20 жаштагы кыз поезд алдында калган, ал бутунан жаракат алып ооруканага түшкөн. 

"Кыргыз темир жолу" поезд унааларга окшоп дароо токтоп калбай турганын, аны токтотуу 500 метрден 800 метрге чейин созуларын, мындан улам сак болууну жарандарга эскертти.