Жаңылыктар
Сапар Исаков Кубанычбек Кулматовду МБК борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды
Саясат
Сапар Исаков Кубанычбек Кулматовду МБК борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды

Премьер-министр Исаков Кубанычбек Кулматовду Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды. 

Өкмөт башчы Кубанычбек Кулматовдун өлкөнүн бажы органдарындагы мыкты кесиптик тажрыйбасын белгилеп, анын жетекчилиги астында өлкөдө бажылык жөнгө салуунун натыйжалуулугу жогорулаарына ишеним билдирди. 

«Кубанычбек Кулматовду кызматтын жетекчиси катары дайындоонун негизги себебинин бири - ал Мамлекеттик бажы кызматынын жеке курамы үчүн жаңы адам эмес. Ал көп жыл бою бажы органдарында иштеп, жетекчилик кызматында жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн», - деп белгиледи Сапар Исаков. 

Соңунда Премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине ишинин ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалады.