Жаңылыктар
Кыргыз балы Кытайдагы дүкөндөрдө сатыкка коюлат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз балы Кытайдагы дүкөндөрдө сатыкка коюлат

Ош облусундагы балчылардын продукциясы Кытайдагы дүкөндөрдө сатыкка коюлат. Быйыл жергиликтүү балчылар Кытайга 700 килограммдан ашык продукция жөнөткөн. 

2018-жылы бир тоннадан ашык бал жөнөтүү мерчемделди. Адистердин айтымында бул продукциянын экспортко чыгышы ата мекендик балчылардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жол ачмакчы. 

Эскерте кетсек, кыргыз балы чет өлкөлөрдө жогору бааланат. Ал тургай Европа өлкөлөрүнө дагы экспорттолуп келет.