Жаңылыктар
С.Жээнбековдун Өзбекстанга расмий иш сапары менен баруусу пландалууда
Саясат
С.Жээнбековдун Өзбекстанга расмий иш сапары менен баруусу пландалууда

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-14-декабрда Өзбекстанга расмий иш сапары менен барат. Ташкентте өлкө башчысы Өзбекстандын президенти, премьер министри жана спикери баштаган жогорку жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт. 

Бул Сооронбай Жээнбековдун чет өлкөгө жасаган үчүнчү иш сапары жана биринчи жолку расмий визит болмокчу. Өлкө башчы Ташкентке өзбек тараптын чакыруусу менен баратат.

Ташкентте бир катар документтерге кол коюлат. Алардын макамы ар кандай: келишимдер, макулдашуулар, меморандум жана протоколдор бар.

Ушул күндөрү Ташкентте ири бизнес форум өткөрүү пландалууда. Өзбекстанга бизден жүздөн ашуун ишкерлер барышат. Адистер белгилегендей, бул да болсо эки тараптуу кызматташууну арттырууга жакшы мүмкүнчүлүк.