Жаңылыктар
Кыргыз- өзбек чек араларын тактоо келишими эки тараптын тең кызыкчылыктарына жооп берет
Чек ара
Кыргыз- өзбек чек араларын тактоо  келишими эки тараптын тең кызыкчылыктарына жооп берет

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чечилбей келген чек ара маселеси соңку бир жарым жылда гана жөнгө салына баштады. 2016-жылдын август айынан 2017-жылдын августуна чейин эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары 15 ирет жолугушуу өткөрүшкөн.

Ушул күндөн тартып, Оштогу “Достук” өткөрмө бекети активдүү иштеп жатат. Бекет аркылуу эки тараптан өткөн жарандардын саны соңку 3 ай ичинде жарым миллиондон ашкан.

“Достук” көзөмөл -өткөрмө бекетини ачылышы - мурда тууган урук, дос-тааныш менен саламга келе албай, бири-биринин жамандык-жакшылыгына катыша албай келген миңдеген жарандарга кубаныч тартуулады.