Жаңылыктар
Жалал-Абадда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун жети мүчөсү кармалды
Кылмыш
Жалал-Абадда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун жети мүчөсү кармалды

Укук коргоо органдары “Хизб ут-Тахрир” уюмунун 7 мүчөсүн кармады. Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери Жалал-Абад облусунда ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында 47 жаштагы жарандын унаасынан экстремисттик багыттагы китептерди жана баракчаларды табышкан. 

Мындан тышкары дагы 5 кишинин үйүнөн экстремисттик уюмдун идеологиясын чагылдырган китептер, аудио жана видеоматериалдар табылган. Ал эми негизги шектүү деп эсептелген 35 жаштагы жарандын турак жайынан дагы эсктремисттик маанайдагы бир канча материалдар, флеш-карта, аудио-видеоматериалдар табылган. 

Муну менен катар жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактап жүргөнү дагы аныкталды. Тагыраак айтканда, РГД-5 гранатасы табылган. Ошондой эле бет кап, Жалал-Абад облусунун картасы, жарылуучу заттарды колго даярдоону үйрөтө турган инструкция жана жарылуучу затты жасай турган элементтер дагы бар болуп чыкты. 

Бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иши жүрүүдө.