Жаңылыктар
Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга мобилдик турак жай жеткирилди
Аймак
Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга мобилдик турак жай жеткирилди

Чоң Алай өрөөнүндө май айында болгон жер титирөөдө турак жайы жабыркап, бирок, кышка карата жаңы салынып жаткан үйлөрү бүтпөй калган үй-бүлөлөр убактылуу турак жай менен камсыздалууда. 

Ушул максатта 1 бөлмөлүү 3 даана мобилдик турак үй 12-декабрда Жекенди айыл аймагына жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, 2017-жылдын 30-ноябрынан 12-декабрына чейин Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыркаган айылдарга жалпысынан 91 даана мобилдик турак жай жеткирилип берилген.