Жаңылыктар
С.Жээнбеков кыргыз-өзбек мамилелерин жөнгө салуу боюнча документти ратификациялады
Саясат
С.Жээнбеков кыргыз-өзбек мамилелерин жөнгө салуу боюнча документти ратификациялады

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек шаарында 2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлдөрүнүн иши тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 7-декабрында кабыл алынган. Макулдашуунун негизги максаты - кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндө Кыргызстан жана Өзбекстандын өз ара мамилелерине байланыштуу маселелерди жөнгө салуу болгон. 

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын участокторунда чек ара өкүлдөрүнүн иш тартибин регламенттөө, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, чек ара инциденттерин чечүү жана мамлекеттик чек арада режимди сактоо тартиптери бар.

Бул Макулдашууну ратификациялоо чек ара инциденттерин чечүүдө, чек арадан өтүүнү биргелешип текшерүүдө жана чек ара өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүү элементи болуп эсептелет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.