Жаңылыктар
Залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган күн
Маданият
Залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун урматына арналган күн

12-декабрь кыргыз адабиятынын тарыхында өзгөчө күн. Ушул күнү кыргыздын сыймыктуу уулу, дүйнөлүк деңгээлдеги залкар жазуучу, даанышман-ойчул, гуманист Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген. Алты жыл мурда парламент дал ушул күндү улуттук адабият күнү деп белгилөө чечимин кабыл алган. 

Айтматовдун туулган күнү жана улуттук адабият күнүнүн урматына өлкөдө бир катар иш-чаралар өттү. Коомдук телерадиокорпорациясы дагы улуу жазуучунун туулган күнүнүн урматына атайын иш-чараларды уюштурду.

Акпара менен Ташчайнар, Бугу Эне, Гүлсары ат, Турналар жана башка Айтматовдун чыгармаларындагы адам менен жаратылыштын айкалышкан скульптуралык образдар Улуттук илимдер академиясынын фойесинде коюлду. 

Фойедеги көргөзмөнүн төрүндө Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулду. Айкелдин автору Ильмир Ешмухамедов. Буга чейин жазуучунун айкелдери бир канча ирет жасалган. 

Бирок айрымдарында анын кебетеси так берилбей, талаш жаралган учурлар аз эмес. Бул жолку айкелде анын чыныгы жүзү, жан дүйнөсү так чагылдырылганын байкоого болот. Гипстен жасалган айкел 100 жылга чейин сакталаарын автор белгилейт.

Айтматовдун туулган күнүнө арналган маданий иш-чаранын өзгөчөлүгү анын чыгармаларындагы жаратылыш менен адамдын мамилеси болгонун уюштуруучулар белгилешет.