Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү 4 пансионат Өзбекстанга убактылуу колдонууга берилет
Экономика
Ысык-Көлдөгү 4 пансионат Өзбекстанга убактылуу колдонууга берилет

Кыргызстан Ысык-Көл облусундагы 4 пансионат жайгашкан жер участокторун Өзбекстанга убактылуу колдонууга берүү чечимин кабыл алды. Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Сапар Исаков кол койду. 

Бул чечим Кыргызстан менен Өзбекстан 1994-жылдын 24-декабрында кол койгон келишимдин негизинде кабыл алынды. Өкмөттүн маалыматы боюнча, документ туризмди өнүктүрүүгө жана түз инвестицияларды тартууга багытталган. 

Кабыл алынган чечимге ылайык, Ысык-Көл облусунда жайгашкан «Бостери», «Алтын жай», «Энесай» жана «Бустон» пансионаттары Кыргызстандын менчиги бойдон кала берет жана Өзбекстанга убактылуу гана колдонууга берилет. Ошол эле маалда өзбек тарап белгилүү мөөнөткө чейин инвестициялоо жана мүмкүн болушунча жылдын ар мезгили сайын иштеши керек деген милдетин алат. 

Белгилеп кетчү жагдай, өзбек тарап эс алуучу жайлардын имараттарын куруу жана ал объектилер ишке киргенден кийин дагы кыргыз жарандарын жумушка тартуусу керек. Пансионаттардагы жумушчулардын 80 пайызын Кыргызстандын жарандары түзүшү керектиги милдеттендирилди. Макулдашуулардын алкагында өзбек тарап Эл аралык арбитраждык соттон арызын алып салуусу каралган. Аны менен бардык талаштар тынчтык жолу менен жөнгө салынган болот. 

Андан тышкары, аталган документ Өзбекстандан келген туристтердин санын көбөйтүп, ошондой эле боордош элдер ортосундагы карым катнаштардын жакшыруусуна көмөктөшөт. Белгилей кетчү жагдай, пансионаттардын курулушу салыктын көбөйүшү менен республикалык бюджетке кошумча каражаттардын келиши сыяктуу мультипликаттуу таасир берет.