Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек алакасы бекемделет
Саясат
Кыргыз-өзбек алакасы бекемделет

Кыргыз-өзбек алакаларынын мындан ары да бекемделип, туугандык мамилелер чыңдала берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ташкенте өзбек лидери Шавхат Мирзиёев менен жолуккан учурда билдирди. Мамлекет башчылардын тар чөйрөдөгү жолугушуусунда Жээнбеков жылуу кабыл алган өзбек элине жана президенттик кызматка келгендеги куттуктоосу үчүн Мирзиёевге ыраазычылык билдирди. 

Бул жолугушууда президенттер бир катар документтерге кол коёт. Алгачкы күнү мамлекет башчы Ташкентте “Көз карандысыздык жана гуманизм” монументине жана Өзбекстандын биринчи Президенти Ислам Каримовдун эстелигине гүл-чамбар коюуп эскерди.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"