Жаңылыктар
Жээнбеков менен Мирзиёев массалык маалымат каражаттары үчүн билдирүү жасашты
Саясат
Жээнбеков менен Мирзиёев массалык маалымат каражаттары үчүн билдирүү жасашты

Тар чөйрөдөгү жана кеңири курамдагы жолугушуулардан кийин Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев массалык маалымат каражаттары үчүн билдирүү жасашты. Анда лидерлер сүйлөшүүлөр достук жана конструктивдүү шартта өткөнүн белгилешип, саясий, соода-экономикалык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка жааттарда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин заманбап деңгээлине жогору баа беришти. 

Президенттер көп пландуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү маселелеринин кеңири спектри, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарды камтыган актуалдуу регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикирлер менен алмашты.