Жаңылыктар
Баңгизат алып жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды
Кылмыш
Баңгизат алып жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды

Сокулук районундагы базарда 1 кг баңгизат алып жүргөн Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 30 жаштагы тургундун жанынан табылган зат гашиш баңгизаты болуп чыккан. Ошондой эле милиция кызматкерлери Талас облусунун Бакай-Ата районунда 27 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүн текшерген учурунда, үйүнөн 300 граммга жакын марихуана баңгизатын таап чыгышкан. 

Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.