Жаңылыктар
Сасык тумоого эркектер аялдарга караганда көбүрөөк кабылат
Ден соолук
Сасык тумоого эркектер аялдарга караганда көбүрөөк кабылат

Ньюфаундленддеги Мемориал университетинин окумуштуулары сасык тумоого эркектер аялдарга караганда көбүрөөк кабыларын жана анын себептерин айтып беришти. 

Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Окумуштуулардын айтымында эркектердин иммунитети бул илдетке алда канча оңой алдырарын таап чыгып, анын себебин түшүндүрүшкөн. 

Аялдардагы эстроген гормону организмдеги клеткалардын вирусун бир топ натыйжалуу төмөндөтсө, ал эми "эркек" тестостерон иммунитеттин реакциясын төмөн түшүрүп жибергени анык болгон. Натыйжада сасык тумоого каршы эмдөөнү аялдар тез кабыл алары аныкталган. Илимпоздор мындан сырткары, эркектер ооругандан кийин кыз-келиндерге караганда кеч айыгарын айткан.