Жаңылыктар
С.Жээнбеков Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрагасы менен жолугушту
Саясат
С.Жээнбеков Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрагасы менен жолугушту

Ал эми бүгүн Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту. Анда өлкө башчысы күн мурун Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрү жогорку деңгээлде өткөнүн жана анын жыйынтыктарына канааттанганын билдирди. 

"Биз көп маселелер боюнча орток пикир таптык, 2017-жыл эки өлкөнүн алакасында бурулуш жасаган жылдардан болду, биз стратегиялык өнөктөштүккө негиз салдык", -деди Сооронбай Жээнбеков. 

Өз кезегинде Олий Мажлистин спикери Сооронбай Жээнбековго жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирип, Өзбекстан Кыргызстан менен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин, ошондой эле Жогорку Кеңештин Төрагасын коңшу Өзбекстанга иш сапары менен келип кетүүсүн күтүп жатканын белгиледи.