Жаңылыктар
Бишкекте бир күндө эле үч миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте бир күндө эле үч миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Бишкекте бир күндө эле 3 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Мындай маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди. 

Эреже бузуулардын басымдуу бөлүгү жол кесилиштеринен өтүү, кууп өтүү жана манёвр жасоо, каршы тилкеге чыга калуу деген тартип бузуулар болду. 

Рейддин жыйынтыгы менен унаа токтотуучу жайына 155 машина киргизилип, айдоочуларга айып салынган.