Жаңылыктар
Кубанычбек Кулматов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кубанычбек Кулматов Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалды

Бүгүн, премьер-министрдин буйругу менен Кыргыз-орус өнүктүрүү кызматынын жетекчилигине Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов дайындалды. Эске салсак, Кубанычбек Кулматов февраль айында Бишкек шаарынын мэрлигинен өз арызы менен кеткен.

Ал эми, буга чейин жетектеп келген фонддун жетекчиси  Нурсулуу Ахметова ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка бүгүн Темир Сариев кол койгондугун өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирди.